Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги билдирүү таратты


БИШКЕК. 4-августта Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги билдирүү таратты. Анда Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги тарабынан АКШнын Ташкендеги элчилигине Кашкадарыя облусундагы Ханабад шаарындагы америкалык авиабазаны чыгаруу боюнча нотасы батыштын маалымат каражаттарында АКШнын Өзбекстанга Анжияндагы окуяларга байланыштуу кысымынын негизинде жасалды деп айтылууда. Бирок Өзбек бийлигинин АКШнын авиабасын Ханабад аэродромунан чыгарып кетүү боюнча талаптары менен Анжиян окуясынын ортосунда эч кандай байланыш жок деп айтылат билдирүүдө. Ошондой эле анда Ооганстандагы аскердик кампаниянын активдүү фазасы аяктаган 2002-жылдан тартып эле Өзбекстан АКШнын мамлекеттик департаментине жана Пентагонго бир нече ирет Ханабаддагы америкалык авиабазанын статусун кайра карап чыгуу боюнча өтүнүчү менен кайрылганы айтылат. Бирок андан натыйжа чыккан эмес. Ханабаддагы аэродромду бир жылга америкалык куралдуу күчтөрдүн пайдалануусуна берүү жөнүндөгү келишимге АКШ менен Өзбекстан 2001-жылдын 7-октябрында кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG