Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

ИРАКТЫК УКУК КОРГООЧУЛАР ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯДА АЯЛ -ЭРКЕКТИН ТЕҢДИГИ КЕПИЛДЕНИШИН КӨЗДӨШӨТ


Ирактын премьер-министри Ибрагим ал-Жаафари Нажаф шаарында шийиттердин башкы динаятчысы, улуу аятолла Али ас-Систани менен жума күнкү кездешүүсү учурунда өлкө Конституциясынын жаңы долбоорун да талкуулады. Укук коргоочулардын тобу болсо долбоорду даярдап жаткан комиссиядан анда аялдар менен эркектердин тең укуктуулугу кепилденишин талап кылышууда.

Конституция долбоорун даярдоону аяктоонун акыркы мөөнөтү – 15 август. Кабарларга караганда, азырынча чечиле элек маселелер федерализм, исламдын коомдогу ролу, өлкөнүн мунай байлыгын бөлүштүрүү менен байланыштуу. Мунун аралыгында адам укугун коргоочулардын тобу, Конституцияны даярдап жаткан комиссиядан баш мыйзамда ирактыктардын баардык катмарынын, анын ичинде аялдардын граждандык эркиндиктери кепилденишин талап кылууда. Маселен, Вашингтондо өткөрүлгөн пресс-конференцияда ирактык аял укук коргоочулар АКШ өкмөтүн Конституция жалгыз гана шарияттын мыйзамына негизделип калбашы үчүн расмий Багдадга кысым көргөзүүгө чакырды.

Алардын бири Таня Гилли мындай дейт:

- АКШнын админстрациясы, Конгресс Ирактын өкмөтүнө, Конституцияны даярдап жаткан комиссияга биз аял гана эмес, жаран катары укугубуз корголоору кепилдениши үчүн кысым көргөзөрүнө ынангыбыз келет. Биз ошондой эле Конгресс аялдар үчүн программаларга каражатты көбөйтөт деген үмүттөбүз.

Укук коргоочулардын пикиринде, ирактык аялдар теңсиздиктен узактан бери жабыр тартышууда. "Демократиялуу Ирак үчүн" деп аталган аялдар альянсынын президенти жогорудагыдай эле жөнөкөй мисалдарды келтирди:

- Көп аял алуучулук. Бул Исламдын атына жамынуу менен жүргүзүлүп келет. Исламдын кээ бир багыттары кыздарды эң эрте дегенде тогуз жаштан күйөөгө чыгышына уруксат берет. Күйөөгө зордук менен чыгаруу: шарияттын жоболору кыздарды өз эркин эске албастан турмушка чыгарууга жол ачат.

Укук коргоочулар кошумчалгандай, алар АКШ менен гана чектелбейт, ушундай чакырык менен Британия, Улуттар уюму, Евробиримдикке да кайрылып келүүдө.

Вашингтондогу Карнеги фондунун Жакынкы Чыгыш боюнча эксперти Натан Броундун пикиринде, аялдар маселесинде укук коргоочулар басма сөз аркылуу америкалык коомчулукка да кайрылганы оң:

- Аялдар укугу маселесинде чыныгы же күчтүү басым сөзсүз эле Буштун администрациясынын жогору даражалуу өкүлдөрүнөн келбейт, бирок мындай кысым коомчулуктан болот. Буштун администрациясы Ирактын Конституциясында буга көңүл бурулбай калышын каалабайт.

Айтор Конституцияны даярдоо мөөнөтү аяктарына аз калды. Анын үстүндө иштеп жаткан комиссия ирактык аял укук коргоочулардын жогорудагыдай талаптарына кандай жооп берери азырынча белгисиз.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG