Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:51

Казакстанда канаттауулардын сасык тумоосу таралуу коркунучу туулду


Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн түндүгүндө катталган канаттуулардын сасык тумоосу башка чөлкөмдөргө тарашы мүмкүн деп чочулоодо. Казакстандын саламаттыкты сактоо министрлиги кечээ Павлодар облусунда кооптуу вирус табылганын бышыктаган. Бүгүн коңшулаш Акмола облусунда канаттуулардын өлүктөрү табылганы кабарланды. Ырасмий мекемелер вирустун жайылышына каршы чаралар көрүлүп жатканын айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG