Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:13

САРАТАН АПТАПТУУ ЖАЙ: КИМ КӨЛДӨ, КИМ БИШКЕКТЕ, КИМ ЧЕТ ӨЛКӨДӨ?


Жай саратанда дымып калчу саясий окуялар быйыл Кыргызстанда күчөп, жаз алды бийлик алмашылды. Жай ичи президент шайлоо, жакында мамлекет башчысынын кызматка кирүү жөрөлгөсү башталганы туру. Аткаруу бийлигинин түйшүгү түмөн, толгон-токой экономикалык-социалдык маселелердин төөбастысында турган чагы. Парламент мүчөлөрү эки айлык каникулду өткөрүшүүдө.

Быйыл Ысыккөлгө эс алууга келгендердин катары суйдаң экенин эстеп, жаңы өкмөттүн өкүлү Адахан Мадумаров ушул айдын башында Алматыда өткөн туризм маселелерин талкуулаган үлкөн жыйынга катышып келди. Иш сапардын кайрымжысы кандай болорун туристтик сезондун жыйынтыгы көрсөтөр.

Адахан Мадумаров Алматы калаасынын башчысы акимдерин чогултуп, шаардыктарды Көлгө барып эс алууга үндөө милдетин койгонун маалым кылды:

- Имангали Тасмагамбетов эртеси күнү эле шаар кеңешин чакырып, билесиздер а кеңеште жалаң эле депутаттар эмес, экономикалык кеңештин мүчөлөрү, мыкты чыкма ишкерлер чогулган, маселени маалкатпай ыкчам чечип берди. И. Тасмагамбетов мырза маалымдоо каражаттарына да тапшырма берди, мындан ары Кыргызстан тууралуу бир да жаман сөз болбошун айтты. Турист операторлорун чогултуп Ысыккөл боюнча тынбай иштөөгө тапшырма берди.

Парламент депутаты Дооронбек Садырбаев Көл жээгинде эки жума эс алып келген соң бүгүн-эртең кесиптештери менен Түндүк Атлантика аскердик альянсынын Германиянын Мюнхен шаарында өтүүчү жыйынына жөнөгөнү турат.

Д. Садырбаевдин кесиптеши Тайырбек Сарпашев да быйыл убакыт таап Көлдө бир жума эс алып келди. Негизи парламент мүчөлөрү эки айлык каникулдун кыйла күнүн өздөрүнүн «Алтынкөл» пансионатында өткөрүүнү жакшы көрүшөт.

Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаев убактысынын тартыштыгына карабай Көл боюна эки күнгө гана келгенин айтты:

- Балдарды беш күн эс алсын деп алып келгем. Өзүм эртең кайра кетем. Өзүмдүн башка жумуштарым бар.

Жаңы өкмөт өкүлдөрүнүн арасынан саратан жайда азыноолок эс алуу мүмкүнчүлүгүнө быйыл президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев гана ээ болду. Мурдагы бийликтен калган түмөн түйшүктү таштап, аткаруу бийлигине жаңы келгендердин ушу тапта эс алууну ойлошко чамасы жок.

Билим министринин милдетин аткаруучу Досбол Нур уулу кийинки беш жыл ичинде атайын убакыт бөлүп эс ала электигин айтып, жакын турган дачасына барышка чолоосу тийбей атканын маалымдады:

- Быйыл жок. Былтыркы ноябрдан бери эс ала элекмин. Ат жалынан түшө элекмин. Азыр бардыгы иштеп атат. Ушул жумада ден соолугуна байланыштуу, ишинин көптүгүнө байланыштуу Курманбек Салиевич Азимбек Бекназаровго эки-үч күнгө эс алууга уруксат берди көрүнөт. Калганыбыз бүт иш үстүндөбүз. Мүмкүнчүлүк болсо кенен, ээн-эркин бир уктап алат элем. Акыркы жылдары менде эс алуу деле болгон жок. Өзүң билесиң, беш жыл бош жүрдүм. Партиянын иши менен жүрдүм. Чынымы айтайын, акыркы беш жылда мен эс алган жокмун. Мурда депутат кезде 4 – 5 күн, бир жума Көлгө барып эс алып келчүмүн. Дача деген дача. Мурда жакшы карачу элем. Быйылкы жылдын эсебинен бир күн да бара элекмин. Шарт болбой жатат.

Жай келгени биртоп эркин басылмалардын эмгек жамааты чогуусу менен Көлгө эс алганы кетишет. Ансыз да катары суйдаң гезит базарын бу маалда өкмөттүк басылмалар ээлеп, калган орунду «МСН» менен «Вечерний Бишкек» гезиттери жоктотпой турушат.

XS
SM
MD
LG