Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

АКШ Кыргызстандагы демократияны колдоого 950 миң доллар бөлдү


БИШКЕК. АКШ үстүбүздөгү жылы постсоветтик өлкөлөрдөгү демократиянын жана адам укугунун өнүгүшүнө 43 миллион 700 миң доллардык жардам берүүдө. Мындай маалыматты АКШнын Москвадагы элчилиги тараткандыгын орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Анын ичинде Кыргызстанга 950 миң доллар, Тажикстанга 887 миң, Казакстанга 557, Азербайжанга 540 миң, Өзбекстанда 80 миң доллардык долбоорлор ишке ашырылууда. Мындан сырткары Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандагы бейөкмөт уюмдарга жана эркин журналисттерге жардам көрсөтүү максатында 300 миң доллар бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG