Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:14

Баш мыйзам боюнча элдик талкуу 14-августта соңуна чыгат


БИШКЕК. Конституциялык кеңешме иштеп чыккан Баш мыйзамдын долбоору боюнча элдик талкуу 14-августта соңуна чыгат. 15-августта Конституциялык кеңешменин жумушчу тобунун жыйыны өткөрүлүп, элдик талкуудан түшкөн сунуш-пикирлер боюнча талкуу башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жана Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаев «Азаттыктын» кабарчысына 6-августта билдирди. Анын айтымында, Конституциялык реформа Жогорку Кенеш тарабынан 20-декабардан 20-январга чейинки мөөнөттө кабыл алынат. «Мындай чечим курамына өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдүн өкүлдөрү кирген Конституциялык кеңешменин соңку жыйында кабыл алынган» деп кошумчалады, Өмүрбек Текебаев.

XS
SM
MD
LG