Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Жогорку сот эксперттик топтун бүтүмүн мыйзамсыз деп эсептейт


БИШКЕК. Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов парламенттик шайлоодон кийн талаш-тартышты жараткан алты шайлоо округундагы добуш берүү тыянактарын иликтөө боюнча түзүлгөн эксперттик топтун бүтүмүнө макул эмес. Мындай кабарды төрагага шилтеме берип, жергиликтүү маалымат каражаттары таратты. Төраганын көз карашында, эксперттик топ чечимдердин үстүнөн даттануунун соттук тартибин жөнгө салган мыйзамдагы беренелерди жетиштүү иликтеген эмес. Ошондуктан, эксперттик топтун ишти кайра кароо жөнүндөгү бүтүмү мыйзамдарга каршы келет. Осмоновдун пикиринде, эксперттик топ мыйзамсыз түзүлгөн жана бул сот системасына элдин ишенбөөчүлүк маанайын түзөт. Ошол эле учурда эксперттик топ да Жогорку сотту мыйзамсыз чечимдерди кабыл алды деп сындап жатат жана ал алты округдагы иштин жаңы жагдайга байланыштырылып кайра каралышына кызыкдар. Бул тууралуу жекшемби күнү топтун мүчөсү, президенттин алдындагы укук коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун билдирди. Эксперттик топту президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев март окуясынан кийинки Жогорку сотто түзүлгөн кырдаалдан улам түзгөн.

XS
SM
MD
LG