Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:22

Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр үч аптага тыныгууга токтоду


АКШ, Түндүк , Түштүк Корея, Орусия, Кытай , Жапония катышкан алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн бул айлампасы 13 күнгө созулуп, эч макулдашуусуз аяктады. Сүйлөшүүгө катышкан америкалык делегациянын башчысы Кристофер Хиллдин билдиргенине караганда, Вашингтон Түндүк Кореянын атомдук реакторго ээ болуу талабына макул эмес:

-Соңку бир нече күндө макулдашууга жетишүү проблемасы алардын өзөктүк энергияны коммерциялык же тынчтык максатта өнүктүрүү укугун сактап калуу жөнүндөгү каалоосу менен эле байлангышту эмес экени билинди. Алар ошондой эле жеңил сууда иштөөчү реакторду талап кыла башташты.

Адистердин айтымында, жеңил сууда иштөөчү реакторлор да атомдук курал жасоодо керектелүүчү материлдарды өндүрүүгө жөндөмдүү. Америкалык делегацинын башчысы Кристофер Хил тыныгуу учурунда Пхенья өз турумун өзгөртөрүнө үмүт билдирди. Бирок, өзөктүк курал жасап жатканын бүгүн да кайталган Түндүк Кореянын делегация башчысы Ким Ге Гвандын айтымында, оболу АКШ Пхеньяндын эч кандай өзөктүк программасы болбош керек деген турумун өзөгөртүшү абзел. Түндүк Кореяга өзөктүк курал Кошмо Штаттардын кол салуу коркунучунан коргонуу үчүн зарыл. Эми тараптар өз өкмөттөрү менен консультацияларды өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү кайра 29-августа жандандырары белгиленген.

XS
SM
MD
LG