ОШ. Бул жөнүндө 8-август күнү “Азаттык” радиосуна шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухтар Пайзылдаев билдирди. Бизге жеткен айрым маалыматтар боюнча, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев тарабынан шаар мэрдигине талапкер катары 3 адам эл депуттарынын тандоосуна коюлмакчы. Болжолдуу талапкерлер катары учурда шаар мэринин милдетин аткаруучу Мамасадык Бакировдун, Жогорку Кеңештин депутаты Бектемир Мурзаибраимовдун жана мурдагы вице-мэр Жумадыл Исаковдун аттары аталууда.