Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Конституциянын жаңы долбооруна байланышкан ача пикирлер уланууда


БИШКЕК. Баш мыйзамдын долбоорун кайра даярдоо тууралуу сунуштар президент тарабынан колдоо табары күмөн. Мындай пикирин дүйшөмбүдө Конституциялык кеңешменин жумушчу тобунун техникалык жетекчиси Өмүрбек Абдыракманов билдирди. Анын айтымында, президенттик шайлоонун алдында Курманбек Бакиев долбоорду негизинен колдоорун Жогорку Кеңешке убада кылган.

«Эркиндик» саясий партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев Конституциянын жаңы долбоорун президенттин катышуусунда кайра даярдоо зарыл деген ойдо. Конституциялык соттун судьясы, долбоордун көз карандысыз эксперти Марат Кайыповдун пикиринде, долбоордогу өксүктөрдү оңдоп туруп, кайрадан элдин талкуусуна коюу керек.

Ал эми Абдыракмановдун айтымында, буга чейинки элдик талкуунун негизинде жумушчу топ август айынын экинчи жарымында долбоорду иретке келтирип, кайрадан Конституциялык кеңешмеге сунуштайт. Кеңешме иштеп чыккан долбоор жаңы шайланган президент менен макулдашылгандан кийин Жогорку Кеңешке сунушталат.

XS
SM
MD
LG