Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:14

Үч өлкө өзбекстандык качкындарды кабыл алууга даяр


БИШКЕК. Бүгүнкү күнгө карата үч өлкө, тагыраак айтканда, Финляндия, Нидерландия жана Швеция учурда Оштогу утурумдук тергөө абагында кармалып турган өзбекстандык атуулдарды кабыл алууга расмий түрдө макулдугун берди. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Вячеслав Хан «Азаттыктын» кабарчысына 8-августта билдирди.

Башкы прокурор Азимбек Бекназаров өткөн апта соңунда учурда бир дагы өлкө өзбекстандык качкындарды албай жаткандыгын жана кайсыл бир өлкө аларды кабыл алууга макулдугун берсе, кыргыз бийлиги үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүүгө даяр экендигин маалымдаган.

XS
SM
MD
LG