Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

МАРС МЕНЕН ЖЕРДИН ЖАКЫНДАШЫ ЖАҢЫ АЛААМАТ АЛЫП КЕЛБЕЙБИ?


Бүбүкан Досалиева, Прага шаары Ушул күздө Марс менен Жер планетасы өтө жакындашып, алардын ортосун 69 миллион чакырым гана аралык бөлүп калат. Азыр эки планета бири-бирине саатына 36 миң чакырым ылдамдыкта жакындап келатышат. Жердин коңшусу болгон Марстын Жерге мынчалык жакын келиши аны иликтөөгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондуктан, АКШ, Орусия жана Жапониянын окумуштуулары учкучу жок космос кемелерин учуруп, изилдөөгө кам көрүп жатышат.

Адатта Марс планетасынын Жерге жакындашын астрологдор согуш же башка бир тири шумдук алаамат менен байланыштырып жүрүшөт. Андай болоору азырынча белгисиз, бирок ушул жылдын октябрь айында эки коңшу планета абдан жакындашып, алардын ортосун 69 миллион чакырым гана бөлүп калат. Демейде алардын бири-биринен узактыгынын орточо көрсөткүчү 225 миллион чакырым. Ошондо Марсты ар түнү айга окшоп кадимкидей көрсө болот.

Улуу Британиянын Херстмонсуа обсерваториясынын директору Элен Восстун айтымында, Марс Европа менен Борбор Азиянын аймагында жакшы көрүнөт. Гринвич убактысы боюнча кечки саат алтыда асмандын чыгышында абдан жакшы көрүнөт. Андан кийин 30 -октябрда, түнкү саат үчтөн 19 мүнөт өткөндө Жерге абдан жакын келет, ошондо да жакшы көз салса болот. Мына ушул учурда жылдыздарга байкоо салган астрономдор же жылдыздарга кызыккан карапайым адамдар деле жабдууларын эртерээк даярдап турушса болот дейт Британдык окумуштуу Элен Восс:

- Октябрда Марсты Букачар жылдызынын үстүнөн же Букачар менен Андромеданын ортосунан көрө аласыңар. Бул орто эсеп менен алганда Андромедадан Букачарга чейинки узундуктун үчтөн экиси болот.

Европанын космостук иликтөөлөр агенттиги жана Жапония Марсты иликтөө иштерин илгерилетүү үчүн ушул мезгилди жакшы пайдаланып калууга абдан аракеттенип жатат. Европанын космос агенттигинин Марстын орбитасына байкоо салган “Марс Экспресс” деген жабдуусу бар. Ага карабастан башкармалык Марс Жерге жакындаганда мүмкүн болушунча көп маалыматты жыйноого аракеттенип жатат. Европалык агенттиктин өкүлү Дон Маккой ага негиз болгон көп жагдайлардын бири тууралуу мындай дейт:

-Жерден туруп Марска көз чаптырууда тек гана кызыгуу менен чектелбейбиз. Биздин иликтөөбүз үчүн башка себеп - деги бизден башка жашоо-тиричилик болгон аймак барбы? - деген суроо. Эгерде Күн системасындагы планеталарды эле алсаңыз, Күнгө жакын жайгашкан сайын, алар өтө эле ысып турат. Эгер анын тескери багытын алсаңыз, Күндөн ыраактаган сайын жылуулук азайа берет. Марстан кийин жайгашкан планеталар сууктун айынан тиричиликке ылайыксыз сезилет. Марстын өзүндө тиричиликтин изи бар го деген үмүт азырынча жокко чыга элек.

Ушул тапта Марста Американын Spirit(Жан) жана Opportunity(Мүмкүнчүлүк) деген эки иликтөөчү аппараты 20 айдан бери жүрөт. Алар планетадан ар кыл илимий маалыматтарды такай жиберип жатат. Иликтөөнүн башкы максаты Марска космос кемесин учурууга даярдык көрүү. АКШнын НАСА космостук агенттиги эмдиги жылы Марстын кыртышынын чыныгы картасын түшүрүү үчүн ушул жылдын 10-августунда чалгындоочу орбиталык аппаратын учурганы жатат. Окумуштуулар аппаратка орнотулган видеокамералар Марстын кыртышынын бардык жерин жакшы көрсөтө алат деп үмүттөнүп жатышат. Демек, октябрь айы бул иштердин илгерилөөсүнө да жакшы шарт түзөт деп окумуштуулар үмүттөнүп турушат.

Жер менен Марстын бири-бирине жакындашы бир нече жылдын ичинде улам кайталанып турат. Бирок Марс бул жолу 2003-жылдагы жакындашуусуна салыштырмалуу бир аз алыс болот деп болжолдоп жатышат. Ал эми 2003-жылы болсо ондогон миң жылдардын ичинде жерге эң жакын келген.

Британиялык окумуштуу Восстун баамында, бирок Марс жерге канчалык жакын келген менен таасирин тийгизе албайт:

- Ал Айга окшобойт. Ай жердеги ташкынга таасир берет. Марс болсо эч нерсеге таасир бере албайт.

Анткен менен астрологдор Марс менен жердин бири-бирине жакындашуусун ар кандай согуш жана адамзатка кыргын салган окуялар менен байланыштырып келген. Астрология астрономия илимине чейинки байыркы ой-жүгүртүүлөрдүн тармагы экендиги белгилүү. Ал байыркы заманда жакшы өнүгүп, байыркы адамдардын жашоосунда зор роль ойногон. Азыркы окумуштуулар болсо аны эч негизи жок сөздөргө ишенүү деп шылдыңдап жүрүшөт. Бирок миллиондогон түрлүү элдердин маданиятына сиңип, жеке жашоолорундагы кандайдыр бир учурларда жетекчиликке алынган ишенимдерин бир күндө жок кылуу мүмкүн эмес.

Алдыдагы 18 айды астрологдор өтө түйшүктүү жана кооптуу мезгил катары сыпатталууда. АКШда турган астролог Говинда Миллердин баамында, Марстын жерге жакындашы адамзатта зомбулук менен душмандык сезимдерди күчөтүп, согуш ачууга кубат берет. Ошон үчүн “Марс согуштун, зомбулуктун, бийликтин, кыжырдануунун жана баскынчылыктын планетасы. Ошон үчүн келаткан жылы калпагыңарды бекем кармагыла!” деп жайчы Миллер мырза кеңеш берип жатат.

XS
SM
MD
LG