Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Иракка жардам көрсөтүү программасын жетектеген дипломат кызматынан кетти


Ирактын мунайын сатып алып, ал үчүн өлкөгө гуманитардык жардам көрсөтүү программасынын мурдагы башчысы Бенон Севан кечээ кечинде Бириккен Улуттардагы кызматынан чегинди. Программаны ал 1996-жылдан 2003-жылга чейин жетектеген жана бардыгы болуп 67 миллиард долларлык иш жасалган. Мындан эки жыл мурда Севан коррупциядан күнөөлөнгөндө, кызматынан кеткен, бирок Бириккен Улуттарда калган жана акыркы мезгилге чейин анын бир жылдык айлыгы бир доллар болчу. Севан эми Бириккен Улуттардан дагы - ага расми күнөө коюлаарына бир нече саат калганда кетти, бирок күнөөнүн баарын баары бир четке кагууда.

XS
SM
MD
LG