Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:13

Лондондо террор аракетин даярдагандар соттоло баштады


Лондон шаарында бүгүн атайын сот башталды. 21-июлда шаардын метросу менен автобус каттамында төрт жардыруу уюштурууга аракеттенген деп күнөөлөнгөн үч адам соттолууда, алар - 27 жаштагы Ибрагим Муктар Саид, 23 жаштагы Рамзи Мохаммед жана 24 жаштагы Ясин Хасан Омар. Дагы бир шектелген адам, Осман Хусейн деген ат менен белгилүү болгон Хамди Иссак болсо Рим шаарында кармалган жана жакында Италиядан Британияга берилиши мүмкүн. 21-июлда Лондондо төрт жардыруу даярдалып, бирок ишке ашпай калган, анын алдында, 7-июлда болсо Лондондо төрт жардыруу ишке ашырылган жана андан 56 адам курман болуп, жети жүздөй киши жараат алган.

XS
SM
MD
LG