Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:57

Британия да Сауд Арабстанда террор актылары болушу мүмкүн деген кабар таратты


Британия Сауд Арабстанда жаңы жардыруулар болушу мүмкүн экендиги тууралуу кабары бар экенин билдирди. Британиялык элчилик Сауд Арабстанда батыш элдерине каршы жаңы жардыруулар болушу ыктымал экенин билдирип, алар даярдалып бүтүп калгандыгы тууралуу айрым кабарлар түшүп жатканын эскертти. Кабарда айтылгандай, жардыруулар аба-майданында болушу ыктымал. Ошондондуктан Британия ал жердеги элчиликте иштеген кызматкерлерин эгерде алар кааласа, өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат берди. Кечээ Кошмо Штаттары да Сауд Арабстандагы элчилигин убактылуу жапкан эле.

XS
SM
MD
LG