Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:38

Уран байытуу ишин кайра баштаган Иранды Европа Биримдиги катуу сындады


Франциянын Тышкы иштер министри Филипп Дуст-Блази Тегерандын аракеттери оор кризиске алып келиши ыктымал экенин эскертти. Бул маселе боюнча тынчсызданууларын Германия менен Британия да билдиришти. Кечээ Атомдук энергия боюнча эл аралык Агенттик Иран Исфаханда уран байытуу ишин кайра баштаганын тастыктады.

Буга чейин Тегеран өзөктүк программасын токтотуу үчүн Евросоюз ага сунуш кылган жеңилдиктерди четке каккан эле. Анда Евросоюз бул маселе эми Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешине кароого жиберилээрин билдирди. Өз кезегинде, Коопсуздук Кеңеши Иранга каршы санкцияларды киргизиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG