Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Кабай Карабеков - депутат


БИШКЕК. 9-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны болуп, анда Курулуш шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгын жеңүүчүсү деп табылган Кабай Карабеков депутат катары катталып, ага күбөлүк жана төш белги тапшырылды. Андан сырткары жыйында №1 Университет шайлоо округунун шайлоо комиссиясынын төрагалыгына Жылдыз Осмоналиевди бекитилди. Бул округда Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 18-сентябрга белгиленген. Ал эми Куршаб шайлоо округу боюнча жаңыдан соттук жараян башталмакчы. Маалым болгондой, 31-июлда Куршаб шайлоо округунун үч участогунда кайра добуш берүү болгон. Округдук шайлоо комиссиясы анын жыйынтыгында шайлоо болбой калды деп чечим чыгарса, Борбордук шайлоо комиссиясы аны жокко чыгарган. БШКнын бул чечимин талапкерлердин бири Мамат Орозбаев сотко берген.

XS
SM
MD
LG