Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:22

Кыйноолорго каршы уюм 15 качкынды Өзбекстанга бербөөгө чакырууда


БИШКЕК. Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюм Кыргызстандагы 15 качкын боюнча билдирүү таратты. Анда Ош тергөө абагындагы 15 өзбекстандык атуулдун саламаттыгына жана психикалык абалына тынчсыздануу айтылган. Дүйнөлүк уюм аликүнчө бул адамдардын Өзбекстанга өткөрүлүү коркунучу сакталып турганын айтып, анткен күндө Кыргызстан эл аралык коомчулук алдында милдеттерин бузаарын эскертет. Билдирүүдө аталган дүйнөлүк уюм эл аралык коомчулукту Кыргызстандын жетекчилигине бул маселеде таасир этүүгө чакырат. Коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов “Азаттыкка” берген маегинде БУУнун качкындар агенттиги мандат бере элек 4 качкын Өзбекстанга өткөрүлүшү ыктымал деген пикирин 9-августта билдирди.

XS
SM
MD
LG