Сауд Арабиядагы коопсуздук абалы курчуганы тууралуу кабарлар тарагандан кийин мунайдын баасы көтөрүлө баштады жана Сингапурдагы биржада кечээ күнү бир баррел мунай 64 доллар 27 центке сатылып, жаңы рекорд орнотулду. Америкалык жана британиялык чалгындоо кызматтарынын маалыматтарына караганда, Сауд Арабияда жакын арада ири террор аракети ишке ашырылышы мүмкүн. АКШ өз элчилигин убактылуу жапты. Эксперттердин айтымында, мунай баасынын көтөрүлүшүнө Ирандын өзөктүк изилдөөлөрүнүн айланасындагы чатак дагы салым кошууда.