Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:34

Өзбекстандын Сох анклавындагы чек арачылар Баткен облусунун тургунун документи жоктугуна шылтоолоп 23 күн кармаган


БАТКЕН. Облустук бийликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну, 21 жаштагы Улукбек Шарипов Сохтогу өзбек чегара бекетинде 17-июль күнү Ошко бараткан жеринен паспорту жоктугуна байланыштуу кармалып калган. Өзбек чек арачылары андан 500 сом талап кылышып, акчасы жок экенин билгенден кийин, адегенде Сох райондук ички иштер бөлүмүнө, андан сон Фергана шаардык ички иштер башкармалыгына жөнөтүшкөн.

9-августта облустук бийликтин өкүлдөрү Улукбектин апасынын арызынын негизинде, тиешелүү документтерди алып барып, аны Баткенге кайра алып келген. Жакындары 23 күндөн бери дайынсыз жок деп жүргөн Улукбек Фергана ИИБинин убактылуу кармоочу жайында кармалып турганын, өзү менен чогуу отурган Баткендин Кызылкыя шаарынын бир тургуну абактан чыгып, ата-энесине кабар берген соң гана дайны билингенин айтты.

XS
SM
MD
LG