Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

Аманатчылар нааразылыкка чыкты


БИШКЕК. 10-августта Акүйдүн алдына мурдагы «Меркурий» банкынын аманатчылары нааразылык чарага чыгышты. Алар өкмөттөн аманатка салган акчаларын кайтарып берүүгө көмөктөшүүнү талап кылышууда. «Меркурий» банкы 1999-жылы банкрот деп жарыяланган. Аманатчылардын айтымында, 300гө жакын адам бул банкка акча салып, кайрып ала албай калган. Ал эми Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2002-жылдын октябрь айындагы чечими менен аманатчыларга карыздар «Меркурий» банкынын мурдагы жетекчиси Анвар Дунларовдун 1 млн.го жакын АКШ долларына барабар мүлкү сатылган. Учурда бул акча каражаты Биринчи май райондук сотунун эсебинде турат. Ал эми Улуттук банк сатылган активдеринен түшкөн акчанын 75 пайызын талап кылууда.

XS
SM
MD
LG