Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:50

КЫТАЙ КОСМОСТУК ИЗИЛДӨӨЛӨРҮН КЕҢЕЙТҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы мезгилде Кытай өзүнүн космостук изилдөөлөрүн тереңдете баштады жана жакынкы жылдарда Айга космос кемесин жиберип, аны изилдөө иштерин кеңейтүүгө даярданууда. Анткен менен батыш эксперттеринин пикиринде, Кытайдын байланыш технологиясы али начар жана өлкө башка мамлекеттердин жардамына муктаж.

1961-жылы СССР космоско Юрий Гагаринди учурганда, АКШнын ал кездеги президенти Жон Кеннеди өлкө окумуштууларын чогултуп, америкалык жаранды Айга кондуруу программасын иштеп чыгууну талап кылганы белгилүү. Окшош талапты кытай окумуштууларынын алдына 1958-жылы өлкөнүн ал кездеги төрагасы Мао Цзедун дагы койгон жана 1970-жылы Кытай космоско биринчи спутник учурган, бирок "маданий революция" учурунда өлкө кеңири космос программасын көтөрө алган эмес.

Анткен менен 1990-жылдарда Кытайда экономикалык өсүш өрчүгөндө, космос изилдөөлөрүнө да кошумча каражат бөлүнө баштады жана 1992-жылы атайын долбоор даярдалып, анын алкагында 1999-жылдан 2003-жылга чейин Кытай космоско орусиялык "Союздун" үлгүсү менен курулган бир нече кеме учурду, алардын ичинде үлүлдөр, коендор, күчүктөр жана маймылдар болгон. Андан соң 2003-жылдын 15-октябрында космоско биринчи кытай космонавты Яң Ливей учурулуп, ал 21 сааттын ичинде Жерди 14 жолу айланып келди жана Кытай - космоско адам жиберген үчүнчү мамлекетке айланды.

Бул жетишкендикти чыңдаш үчүн эми Кытай кеңири космос программасын ишке ашырууга тийиш жана былтыр өлкөнүн Космос агенттигинин башчысы Сун Лаян атайын билдирүү жасап, 4-5 жылдын ичинде Кытай Айга космос кемесин жиберет, ал эми 2020-жылга чейин өзүнүн космос станциясын курат деп билдирди.

Анткен менен америкалык космос журналынын редактору Крейг Ковонун айтымында, кытайлык ракеталардын баары "Союзга" негизделген, бирок Орусия өзү "Союз" ракеталарын эскирди деп эсептейт жана азыр жаңы үлгүдөгү ракеталар үстүндө иштеп жатат. Кытайдын байланыш технологиясы дагы алдыңкы эмес жана эгер европалык байланыш спутниктери космосто кеминде 10 жыл иштесе, кытайлык спутниктер беш-алты жылда эле керектен чыгып калат.

Ошондуктан космос технологиясын өнүктүрүү үчүн Кытай башка мамлекеттер менен тыкыз кызматташууга муктаж:

- Кытайлыктардын эң чоң жетишкендиги - алар дээрлик өз күчү менен ракеталарды курду. Бирок ракета деген - жөн гана унаа. Чыныгы космостук изилдөө жүргүзүү үчүн башка технологиялар өнүктүрүлүүгө тийиш, бул тармакта болсо Кытай бир топ эле артта, дейт Лондон шаарындагы "Жейнс" изилдөө тобунун эксперти Дэйвид Бейкер.

Крейг Ковонун айтымында болсо бул багытта Бээжин азыр кызуу иштеп жатат:

- Кытай азыр өзүнүн навигация илимин өркүндөтө баштады жана ал негизинен аскерий тармакта колдонулууда. Байланыш тармагында дагы Кытай өз алдынча иштеп жатат жана спутниктик байланыш боюнча жакын арада АКШга да, европалык мамлекеттерге да көз каранды болбостон аракеттене алат.

2003-жылы болсо Кытай Улуу Британия менен биргелешип, атайын космостук илимий долбоорду ийгиликтүү ишке ашырды.
XS
SM
MD
LG