Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

Иранда суу ташкындан 18 киши курман болуп, 12ден ашык адам дайынсыз жок болууда


Ирандан келген расмий маалыматтарга караганда, өлкөнүн түндүк чыгышындагы Гулистан провинциясында өткөн түнү болгон суу ташкындан кеминде 18 киши курман болуп, 12ден ашык киши дайынсыз жок болууда. Кызыл Чырым уюмунун куткаруучулары топон суу регионго ири материалдык чыгаша келтиргенин белгилеп, тирүү калгандарды издөө үчүн суу ташкындаган жерлерге тик учактар жиберилгенин маалымдашты. Мамлекеттик радионун маалымдашынча, Каспий деңизинин кылаасында жайгашкан токойлуу провинцияда аркыраган топон суу жолдорду, дыйкан чарбалары менен сандаган имараттарды жууп кетти.

XS
SM
MD
LG