Курман болгондордун денеси Белграддагы полицияны машыктуруу борборунда чогуусу менен көмүлгөн жерден казылып алынды. Казылып алынган сөөктөр серб аскерлеринин колунан өлгөн этник албандар экени божомолдонот.1999-жылы НАТО күчтөрү серб аскерлеринин Косоводогу согушун токтотуу максаты менен Белградды бомбалаган. Ошондон бери Косово Улуттар уюму тарабынан башкарылып келатат.
Серб жетекчилиги 98-99 жылдарда курман болгон 84 этник албандын сөөгүн Косового кайтарып берүүдө