Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

Жалалабад облусунда селден жабыркаган адамдарга өкмөттүк жардам бериле баштайт


ЖАЛАЛАБАТ. Жай саратаны өтүп баратса да облуста суу ташкын, жер көчкүдөн жабыр тарткан үй-бүлөлөргө өкмөттүк ссуда толук берилип бүтө элек. Өкмөттүк жардам алууга тиешелүү болгон 1811 үй-бүлөнүн ичинен 912 үй-бүлөгө жардам бериле элек. 899 үй-бүлө гана жардамды жарым-жартылай, быйыл турак-жайы жабыр тарткан 60 үй-бүлө гана материалдык жардам алышкан. Мындай маалымат 11-августта облустук бийликтин тиешелүү бөлүмүнөн алынды. Билдирүүгө караганда, өкмөттүк казынадан табият кырсыгынан жабыр тарткандар үчүн 16 млн. 54 миң сом ажыратылды. Базаркоргон, Сузак райондорунун табият кырсыгынан үйсүз калышкан Акман жана Жашасын айылдарынын жарандары эмдигиче жардам берилбегендиктен чатырларда жашоо менен арасат ойдо калышкандыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG