Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн шайлоо комиссиясы жарыялады. Он талапкердин ичинен шайлоодо жеңип чыгуу мүмкүнчүлгү жогорусу катары Египетти 24 жылдан бери башкарып келе жаткан азыркы президент Хосни Мубарак аталууда. Талапкерлер арасында опозициядагы партиянын лидери да бар. Өлкөдө атаандаштык негизде өтүп жаткан алгачкы президенттик шайлоо 7-сентябрга белгиленген, шайлоо кампаниясы 17–августта башталат.