Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:37

МАРСТЫ ИЗИЛДӨӨ ДОЛБООРЛОРУ


Нарын АЙЫП, Прага АКШ президенти Жорж Буш өлкө окумуштуулары алдына былтыр жаңы тапшырма коюп, келерки 25-30 жылдын ичинде Марс планетасына адам жиберүүнү сунуштагандан кийин АКШда жаңы космос кемелери даярдалды жана алар кеңири изилдөө иштерин жүргүзүүгө киришти.

Президент Жорж Буштун сунушу боюнча, алгач америкалык окумуштуулар Айга бир нече экспедиция жиберип, анын бетине атайын космос станциясын курууга тийиш жана андан соң адамы бар кеме Айдан Марска учурулуат. Айдагы станция 2015-жылга чейин, ал эми Марска биринчи экспедиция 2030-жылга чейин жиберилиш керек.

Бул кеңири пландын алкагында АКШнын Космос агенттиги тарабынан алгачкы космос кемеси даярдалды жана ал Марска 2006-жылдын март айында жетүүгө тийиш. Салмагы эки тоннага жеткен кеме Марстын үстүнөн 300 чакырым алыстыкта айланып, анын бетин кеңири жана терең изилдөөгө алат. Кеме эң алдыңкы үлгүдөгү илимий аспаптар менен жабдылган жана алар чоңдугу эки-үч метирге жеткен нерселерди бири-биринен айырбаштай алат.

Кеменин аспаптары Марстын бетинин эң так картасын түзөт жана адамы бар кемелер коно турган аймактарды аныктоого тийиш. Андан тышкары, өтө так спектрометрлер Марстын кыртышынын алдын дагы изилдейт жана планетада мүмкүн табыла турган муздун издерин табууга тийиш. Эгер жетиштүү көлөмдө муз табылса, аны тазалап, кийин Марска келе турган адамдар үчүн суу чогултса болот жана ага чейин илим жетиштүү өнүксө, ал суудан оор суутек жаратып, андан - космос кемелеринин Жерге кайтып келишине талаптуу отун өндүрүү да мүмкүн болот.

АКШнын Марсты изилдөө долбоорунун жетекчиси Дуглас Миквистчондун айтымында, жаңы изилдөө кемеси бир нече максат менен учурулууда:

- Марсты изилдөө кемеси - метеоспутник да боло алат, геологиялык изилдөө жүргүзгөн спутниктин милдетин да аткарат, байланыш спутниги да болот жана космос кемелери коно турган жерлерди да издейт. Андай кемелер менен кийин Марска роботтор дагы, адамдар да жиберилүүгө тийиш. Андан тышкары кеме - Марс планетасында суу табуу стратегиясын ишке ашырууда дагы негизги мааниге ээ болот.

2008- жана 2010-жылдарда АКШ Марска дагы эки илимий-изилдөө кемесин учурууга даярданууда. Марсты изилдөө иштерине АКШдан тышкары Европалык космос агенттиги, Орусия, Кытай жана Жапония дагы акыркы мезгилде кызуу киришти. Орусиянын коргонуу ишканаларынын бири былтыр жарыялаганга караганда, келерки 10-15 жылдын ичинде Орусиядан Марска адам жиберүү мүмкүн болот жана ал экспедиция америкалыктардыкына караганда алда канча арзанга түшөт. АКШ агенттигинин эсеби боюнча, Марс программасы үчүн 750 миллиард доллар керек болот.

Орусиялык окумуштуулар болсо Марска уча турган кеменин жолго үч жыл коротуу планын да караштырууда. Бул убакыттын ичинде кеме өзүнчө космос станциясына айландырылат, анда күнөскана да курулуп, жашылча-жемиштер өстүрүлүшү мүмкүн. Австралиялык окумуштуу Пол Дэйвистин пикиринде болсо, Марска жиберилген астронавттар кайра Жерге кайтпаганы эле жакшы. Биринчиден, андан космос долбоорунун баасы эки эсеге арзандайт, экинчиден, алар Марс планетасында алгачкы адамдар жашаган айыл куруп, аны андан ары өнүктүрүүгө тийиш. Жерден болсо ар бир эки-үч жыл сайын Марска улам жаңы экспедиция жиберип, андагы калктын санын көбөйтө берсе болот.
XS
SM
MD
LG