Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Польша Орусиядагы атуулдарынын коопсуздугуна кабатыр


Польшанын президенти Александр Квасневски Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, Польшанын Орусияда жүргөн атуулдарынын коопсуздугун камсыз кылууга чакырды.Буга элчиликтин кызматкерлеринин жана журналисттин сабалышы себеп болду. Квасневски бул окуялар эки өлкөнүн мамилесин салкындатат деп билдирди. Бейшембиде Москвада Польшанын “Речь посполита” деген гезитинин журналисти Павел Решканы белгисиз бирөөлөр сабап кетишти. Бул акыркы күндөрү токмок жеген польшалык үчүнчү атуул. Орусиянын Журналисттер союзунун башкы катчысы Игорь Яковенко бул окуяны иликтеп табуу тартип коргоо органдарынын абирийинде турган маселе деп билдирди. Ал эми өткөн жумада Варшавада Орусиянын элчилигинин кызматкерлеринин балдарын сабап кетишкен.

XS
SM
MD
LG