Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

Качкындар маселеси иликтенүүдө


БИШКЕК. Бириккен Улуттар уюмунун качкындар боюнча башкармалыгынын эки өкүлү бүгүнкү күндө Оштогу №5 СИЗОдо оор кылмыштарды жасаган деп күнөөлөнүп жаткан 15 өзбек атуулу менен жолугушуп, аларга байланыштуу материалдарды иликтөө иштерин улантып жатышат. Качкындарды үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүү маселеси кийинки аптанын башында чечилип кылышы ыктымал. Бул тууралуу «Азаттыкка» 12-августта тышкы иштер министрлигинин түштүк аймактагы өкүлү Бектур Аданов билдирди. Буга чейин Норвегия, Финляндия жана Швеция мамлекеттеринин өкмөттөрү Кыргызстандын аймагына Анжиян окуяларына байланыштуу качып өткөн 15 бозгунду кабыл алууга даяр экендигин расмий билдиришкен. Ал эми Башкы прокуратура 15 качкынды аталган үч өлкөгө өткөрүп берүү маселесин азырынча карай элек. Бул тууралуу 12-августта башкы прокурордун милдетин аткаруучу Канат Аманкулов «Азаттыкка» билдирди. Оштогу СИЗОго адегенде кылмыш иштерин жасагандыгында күнөөлөнгөн 29 адам 14- жана 18-июнь күндөрү алынып келинген. Алардын ичинен 14ү калган өзбек бозгундары менен кошо июль айынын аягында Румынияга чыгарылган.

XS
SM
MD
LG