Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:02

WWW.AZATTYK.KG ЖАНА ОКУРМАНДАРДЫН КАТТАРЫ


«Азаттыктан» чыккан макалалардын тексти 2003-жылдан бери кагазга түшүрүлүп «Азаттык» үналгысынын Интернеттеги www.azattyk.kg барагына коюлуп келатканы белгилүү. Мына ошол макалалардын айрымдарына карата кээ бир окурмандар өз ой-пикирлерин Интернет барактагы «Сиздин пикириңиз» деген жерге жазып жиберишет жана аны биздин кызмат электрондук почта аркылуу алып турабыз. Бүгүнтөн тартып «Азаттык» үналгысы мына ошол күйөрмандарыбыздан келген каттардын негизинде макала даярдап, обого сунуштап турмак болду. Жаңы рубрикабыз «Азаттыктын күйөрманы» деп аталат.

«Азаттыктын» күйөрмандары Интернеттеги www.azattyk.kg барагына жарыяланган макалаларга карата ойлорун ошол эле барактагы «Сиздин пикириңиз» деген жерге жазып жиберип турушат. Мына ошол каттарды мындан ары жалпы угармандарыбызга сунуш кылып турсакпы деген ой менен «Азаттыктын күйөрманы» деген жаңы рубрика ачып отурабыз. Акыркы бир ай ичинде «Азаттыктын» интернет барагы аркылуу ар кыл темаларга карата түркүн мазмундагы каттар келди.

Президенттин ант берүү аземи өтүп жаткандыктан 10-июлда өткөн шайлоого карата пикирлерден баштоону туура көрдүк. Өзүңүздөр билесиздер «Азаттыктын» интернет барагына бир эле Кыргызстанда эмес, анын тышында жүргөн жүздөгөн угармандар, окурмандар кирээри белгилүү. Төмөндөгү кат Кытайдан келген.

Атын жазбаган угарманбыз латын ариби менен «kyrgyzstandaki shayloonun jakshi otkondugun qin jurekten kuttuktaybiz!azattik radiosuna qong rakmat! kubanichtuu kabardi uguunu qedamsizdik menen kutuudobuz! kitaydaki kirgez tuugandaringdardin okulunon!» деп Алатоого салам жолдойт.

Ал эми ulanbek-edit@yandex.ru деген даректен кат жөнөткөн окурман «шайлоо калыс өткөн жок. Президенттин администрациясынын уюштуруу бөлүмү баш болуп, жергиликтүү бийликтегилердин баардыгы бир гана адамга чуркашты» деп нааразы.

Ал эми алыскы Түштүк Кореяда иштеп жүргөн Жибек «Kulovgo dobush bermekmin, birok al katyshkan jok, emi Bakiev eldin ishenichin aktasa, el kyzykchylygyn aldyga koiso, bizdin Kyrgyzstandy korkuno chygaryp,atartuu, aldynky olkolordun kataryna kirgizse deim. Jana joldosh Bakievge dobush beremin. Alysky Tushtuk Koreadan Jibek», деп жазат.

«Азаттыкка» келип жаткан каттардын айрымдары Ганси атындагы авиабазанын тагдырына, Курманбек Бакиев башында турган жаңы бийликтин тышкы саясатына арналган.

«Americalik basani saktap kalishibiz kerek. Sebebi al paida jana gumanitardik jardam berip jatat», деп жазат өзүн тааныштырбаган окурман. «Азаттыктын» дагы бир күйөрманы Болот Исмаилов «АКШ базасын чыгаруунун кажети жок. Биз алардын кетпешин талап кылышыбыз керек, себеби кымындай мамлекетпиз, алакандай калкпыз. Батышка умтулушубуз керек, албетте батышта терс көрүнүш абдан көп, бирок биз көп нерсе үйрөнө алабыз. Ошондуктан батыш менен мамилени күчөтүш керек» деп жазат.

Ушул эле теманы Аскарбек Мамбеталиев аттуу окурман дагы улантып, «АКШнын аскер базасынан кыргыз эч качан жамандык көрө элек. Америка демократиянын жана эркиндиктин таянычы болуп бере алат. Биздин Орусияга кошомат кыла бергенибиз эл аралык аренада бизге аброй алып келбейт. Орусия батышты жана Американы жамандаганы менен ар дайым Петр Iдин заманынан бери ошол мамлекеттерге теңеле албай келатат. Эми Америка базасын, алтын жумуртка тууган тоокту да кубалаткысы бар» деп жазат.

Ал эми kulukyeeva@mail.ru деген даректен келген катта Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун бири АКШны, бири Орусияны колдоп калса мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетет, экөө тышкы саясат боюнча бир пикирде болсо деген каалоосун айтат.

«Азаттыктын» дагы бир күйөрманы Гүлмира gulmira@mail.ru деген даректен кат жөнөткөн. Анын каты мурдагы президент Аскар Акаевге жана баласы Айдарга байланыштуу. «Албетте, - деп жазат Гүлмира, - сот процессине чейин Айдар Акаевди күнөөлүү деп кесе айтуу кыйын. Бирок Айдар Акаев гана эмес, Аскар Акаев дагы 15 жыл аралыгында эң чоң каталарды кетиргенине ишенем. Анын эң чоң күнөөсү Үзөнгү Кууш, ал - кечирилгис айыбы», деп жазган Гүлмира.

27-июлда эртең менен саат 10дон тарта Сузактын Сасыкбулак аймагында жайгашкан өзбек качкындары Жалалабат шаарынан Бишкектеги "Манас" аба майданына ташыла баштаган. Жана кийин алар Румынияга жөнөтүлгөн. Мына ушул маселе тууралуу кабарчыбыз Аида Касымалиева макала даярдаган эле, аны окуган дагы бир күйөрманыбыз, тилекке каршы, атын жазбаптыр, минтип пикирин билдирет:

«Менин оюмча өзбек бозгундардын үчүнчү мамлекетке өткөрүлүп берилиши тууралуу чечим эң туура болду. Анткени өзбек бозгундарына чоң коркунуч туулуп жаткан эле. Айрыкча бул маселе Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы саясий байланыштарга чоң зыянын тийгизмек эле. Өзбек бозгундарын үчүнчү мамлекетке жөнөтүү туура чечим болду деп баалайм жана бул чечим боюнча кыргыз бийлигин куттуктайм», деп чекит коюлат.

Кийинки кат Кыргызстандын Башкы прокуратурасы жүргүзүп жаткан иштерге арналган. Кат ээси тилекке каршы, атын жазбаптыр, Пак, Жайсаңбаев сыяктуу адамдарга Башкы прокуратура кылдат карап, эгер алар чындап эле мамлекеттин, элдин акчасын алса сот аркылуу жазаланышы керек дейт.

«Салам, «Азаттык+» сиздердин хит-парадга пикирим бул аптадагы хитке ИНСАН тобунун «АРМАНЫМ» деген ырына добушумду берем, ыраазычылык менен кытайлык угарманыңыздар ШАМКОЛ Суранчы Абдылдаев".

Кытайдан келген дагы бир кат Amaretti1975@mail.ru деген даректен жөнөтүлгөн. Аzattik radiosunun kabarlary jana jashtar programmasi chet olkoluk kirgizdarga ayabay jagat. Ushul radiodo ishtegen ar biringizderge chong yrakmat aytkim kelet. Biz bardyk kabarlardy internetten ugabyz, деп жазат кытайлык боордошубуз.

Мына ушул кат менен бүгүнкү сөзүбүздү жыйынтыктайлы. Кадырлуу угармандар жана «Азаттыктын» Интернеттеги www.azattyk.kg барагынын окурмандары, эгер сиздер тигил же бул макала боюнча жогоруда айтылгандай өз ойлоруңуздарды биздин Интернет барактагы «Сиздин пикир» деген жерге жазсаңыз, аны биз обого чыгарабыз. Тигил же бул саясатчы, коомдук-маданий ишмерге сурооңуздар болсо, аны да жазсаңыздар, ага жооп алганга аракет кылабыз.

XS
SM
MD
LG