Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:40

Шри Ланкада чукул кырдаал жарыяланды


Шри Ланканын бийликтери өздөрүн “Тамил жолборстору” деп атаган козголоңчулардын “өлкөнүн тышкы иштер министри Лакшман Кадыргамарды өлтүргөн эмеспиз деген сөзүнө ишенбейт. Министрди өлтүрүү- тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандырууга урулган сокку болду деп билдирди өкмөттүн өкүлү Нимал Сирипала де Сильва:

- Биз бул кыянат окуяны айыптайбыз жана ага өтө капа болдук. Бул айбынчылык аракет биздин тынчтык жараянын алга жылдыруу ниетибизди токтото албайт.

Өлкөдө чукул кырдаал абалы жарыяланып, Кадыргамарды атып өлтүргөн адамды табуу үчүн ири операция башталды.

Тамил эрегишчилери жыйырма жылдан бери Шри Ланканын түндүгүндө күнкорсуз мамлекет куруу үчүн согушуп келет. Ок атуулар 2002-жылы токтотулганга чейин 65 миңдей адамдын өмүрү зобун болгон.

XS
SM
MD
LG