Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:51

"Ооруканага хижабчан кирүүгө болбойт". Тажикстанда "туура эмес" кийингендер айыпка жыгылат


Тажик аялдарынын улуттук кийими
Тажик аялдарынын улуттук кийими

Тажикстандын парламенти мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, улуттук маданиятка төп келбеген кийим кийүүгө, жарнамалоого жана сатууга тыюу салды. Мыйзамдын жаңы редакциясында эрежени бузгандарга 65 миң сомониге чейин айып пул салынары жазылган.

Тажик парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Мавлудахон Мирзозода "Азаттыктын" тажик кызматына берген комментарийинде мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, тажикстандыктар эми улуттук маданиятты сактоого жана улуттук кийимдерди кийүүгө милдеттүү экенин билдирди.

Мавлудахон Мирзозода
Мавлудахон Мирзозода

"Каада-салтты жана жөрөлгөлөрдү тартипке салуу жөнүндө" мыйзам долбоорунда күчөтүлгөн жобо каралган. Аны бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылат”, - деди Мирзозода.

Эрежени бузгандарга 7920 сомони (733 доллар) айып салынат. Мамлекеттик кызматкерлер 39 600 сомони (3600 доллар) айыпка жыгылат.

"Ооруканага хижабчан кирүүгө болбойт"

Соңку күндөрү социалдык тармактарда хижаб жана сатр кийген аялдарды оорукананын кире беришинде жоолукту "туура эмес" салынганы үчүн 3500 сомони айыпка жыгыларын эскерткен видео тарады. "Президент мыйзам кабыл алыптыр. Хижаб, сатр сыяктуу чоочун кийимдерди кийүүгө тыюу салынды", - деп эскертет кызматкер.

Кире бериште отурган медиктер жоолукту аркага "тажикче" салыныш керектегин эскертет. Бирок видео Тажикстандын кайсыл шаарында тартылганы азырынча белгисиз.

Мыйзам мамлекет башчы кол койгондон кийин гана күчүнө кирет. Бирок тажикстандыктар ага чейин эле мажбурлоого кабылганы айтылууда. Өзгөртүлгөн документте тажиктердин улуттук маданиятына кандай кийимдер "чоочун" экени так көрсөтүлгөн эмес.

Тажик аялынын улуттук кийими
Тажик аялынын улуттук кийими

Маданият таануучу Мунира Шахиди улуттук кийим замандын талабына шайкеш келиши керек деп эсептейт:

"Улуттук кийимдерибиз тынымсыз өзгөрүүгө дуушар болуп, ага ар кандай элементтер киргизилди. Мисалы, совет доорунда орус элементтери бар болчу. Эми Европага барсам бир күнү улуттук, бир күнү европалык кийим кийип жүрөм. Кийим кийүүнүн эркиндиги да маанилүү. Бул кандайдыр бир катуу эрежелерди же мыйзамдарды кабыл алуу керек дегенди билдирбейт. Ага ылайык, эми айтылган чектен чыгууга жол берилбейт. Бул күлкүлүү".

"Kөйнөк өтө кыска же узун болбошу керек"

Тажикстандык дизайнер Ромиш Одиназода улуттук кийимдин башка кийим-кечеден негизги айырмачылыгын мындайча чечмелеп берди:

"Негизги айырмасы – тажиктердин улуттук оймо-чиймелеринин камтылганы. Дагы бир айырмачылык – көйнөктүн этек-жеңи өтө кыска же узун болбошу керек".

Ал эми тажикстандык кыз-келиндер ар ким мажбурлап эмес, табитине жараша кийим кийиши керектигин айтышат.

"Хижаб же сатр менен аялдар моюнду жабат. Айрымдар таптакыр чүмкөнүп алышат. Бул тажик аялдарына жарашпайт деп ойлойм", - дейт дүйшөмбүлүк келин. "Мен эмнени жактырсам ошону кийем. Ар ким өзү эмне кааласа, ошону кийет эмеспи", - дейт дагы бир аял.

Соңку кезде тажик бийлиги экстремизмге каршы чараларды көрүү максатында жаштарды өлкөнүн салт-санаасына "жат кийимдерди" кийбөөгө жана башка элдерден үлгү албоого үндөп келет. Тажикстанда мектептерде жоолукка тыюу салынган.

Президент Эмомали Рахмон жарандарды сакал койбоого жана хижаб кийбөөгө чакырган жайы да бар. Тажикстандын укук коргоо органдары негизинен сакалчандардан күмөн санап, көпчүлүк учурда тыкыр сурактан өткөрүп турганы да белгилүү.

Түркмөнстан: Аялдарын тескөө саясаты

Ал тапта түркмөн бийлиги аялдардын сырт келбетине көзөмөлдү жылдан жылга күчөтүп жатат. Жергиликтүү бийлик мамлекеттик мекеме-ишканалардын жумушчулары менен жолугушууларды өткөрүп, аларды "адептүү болууга жана жупуну кийинүүгө" чакырат.

Аялдардын кийимине жана жүрүм-турумуна карата катаал чектөөлөр бул өлкөдө 2022-жылдан тартып кире баштаган. Келиндер түркмөн мотивдери бар узун көйнөк кийип, жоолукту аркага бир байлам кылып салынып жүрүшү керек. Кыздар болсо узун көйнөк кийип, чачын өрүп, башына допу кийет.

Түркмөнстанда улуттук кийимди жапырт кийип, мамлекеттик жыйындарда шурудай тизилген көрүнүштү байма-бай байкоого болот. Анда аялдардын көйнөгү, жоолугу, эркектердин кийимдери да бири-бирине өтө окшош болот.

Буга чейин Ашхабадда мамлекеттик мекемелердин аял кызматкерлери да "көңүл бурдуруучу элементтери бар көйнөктөрдү кийбейм" деген тил кат жазып берип жатканы да айтылган.

Аймактардын биринде полиция кызматкерлери сулуулук салондоруна кирип, мындан ары ботокс жасоого, жүздөгү бырыштарды жазууга, кирпик өстүрүүгө, эриндерди чоңойтууга жана тармак чаптоого тыюу салынганын эскертишкен. Талапты аткарбаган салондорго ири көлөмдө айып пул салынып, жетекчиси 15 суткага чейин камалары белгиленген.

Ал тургай Түркмөнстандын миграциялык кызматы ботокс сайдырып, кошумча кирпик, жасалма тырмак чаптаган аялдарды аэропортто эл аралык каттамдарга өткөрбөй жатканы кабарланган. Миграция кызматкерлери бул жогору жактан берилген буйрук экенин айтышкан. Бийлик жасалма эрин менен кирпикти компьютердин жүз таануу программасы аныктай албайт деген жүйө келтирген.

Медициналык мекемелердин биринин дарыгери белгилегендей, маданият тармагында иштеген аялдар, музыканттар, телекөрсөтүү кызматкерлери үгүт иштеринин бир бөлүгү болгондуктан, аларга мындай чектөөлөр колдонулбайт.

Түркмөнстандын мыйзамдары аял менен эркектин тең укуктуулугун кепилдейт. Бирок расмий Ашхабад аялдардын укуктарынын бузулушу жана алардын басмырланышы боюнча комментарий бербейт.

Былтыр түркмөн парламентинин депутаты Сердар Аразов косметикалык кызматтарга тыюу салуунун бир себеби "санитардык талаптарга негизделген" деп түшүндүргөн эле:

"Менин оюмча сиздерге аялдардын сырткы көрүнүшү тууралуу туура эмес маалымат берилген. Биз бул маселени медициналык жактан карап чыктык, анда антисанитардык абал, мыйзамсыз иштер боюнча ушундай жагдайлар аныкталган. Бул такыр туура эмес маалымат".

2022-жылы бийликке мурдагы президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун уулу Сердар Бердымухамедов келгенден кийин түркмөн жарандарына, айрыкча аялдардын тышкы келбетине көзөмөл күчөгөнү маалым.

XS
SM
MD
LG