Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

Түркмөнстанда аялдарга айдоочулук күбөлүк берилбей жатат


Түркмөнстандын Балканабад шаарындагы айдоочулукка даярдоочу мектептерде кыз-келиндерди кабыл алууда жаңы чектөөлөр киргизилгени айтылууда. Транспорт жана Ички иштер министрлигинен 40 жашка чейинки аялдарды окууга киргизбөө тапшырмасы берилген.

Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматына жергиликтүү автомектептердин биринин кызматкери билдирди.

Жыл башында "Азаттыктын" кабарчылары Ички иштер министрлигинин компетенттүү органдары 40 жашка чейинки аялдарга айдоочулук күбөлүк берүүдөн баш тартып жатканын билдиришкен эле.

Алар ошондой эле Балкан вилаятындагы жергиликтүү автомектептерге окууга 35 жаштан жогорку кыз-келиндер гана кабыл алынса, эми ноябрда күчүнө кире турган жаңы эрежелерге ылайык, чектөөлөр күчөтүлөрүн айтышууда.

Ал эми Балканабад шаарындагы автомектептердин биринин кызматкери сентябрь айында күзгү окуу сезону башталгандан бери бир дагы аял окууга кабыл алынбагандыгын билдирди.

Түркмөнстанда автомектептер жылына төрт этапта даярдоо курстарын ачат. Өлкөдө аялдарга каршы жаңы чектөөлөрдүн күчөтүлүшү күбөлүк алууну каалаган аялдардын нааразычылыгын жаратты.

"Кыз-келиндер жаңы чечимге абдан нааразы", - дейт Балканабад шаарынын тургуну.

Дагы бир түркмөн келин өлкөдө аялдардын укуктарынын, анын ичинде унаа айдоо укугунун кысымга алынышына нааразылык билдирди.

"Бул өлкөдө аял болуп төрөлгөндөргө өтө кыйын, гендердик теңчилик жок", - дейт атын атагысы келбеген балканабаддык келин.

Айрым түркмөн аялдар Орусия, Бириккен Араб Эмирликтери сыяктуу чет өлкөлөрдөн айдоочулук күбөлүк алууга кызыкдар экенин жашырбайт.

"Бул өлкөдө аял болуп төрөлгөндөргө өтө кыйын, гендердик теңчилик жок"

Эл аралык талаптарга жооп берген айдоочулук күбөлүктөр Түркмөнстандын аймагында жарактуу.

Түркмөнстанда көп жылдан бери аял айдоочуларга карата текшерүүлөр улам күчөтүлүп келет. Алсак былтыр жайында Түркмөнстандын Балкан облусундагы Түркмөнбашы шаарында Жол коопсуздугун камсыздоочу инспекторлор автоунаа айдап бараткан аялдарды токтотуп, ар кандай шылтоолор менен алардын айдоочулук күбөлүктөрүн алып койгон.

Балкан облусундагы бир нече аял айдоочулар “Азаттыктын” түркмөн кызматына анонимдүү негизде кайрылып, алардын машинелери айып короосуна коюлуп жатканын маалымдашкан эле.

Аялдардын тобу Түркмөнбашы шаарынын администрациясынын жетекчилигине даттанышкан учурда, андагы аткаминерлер “аялдарга автоунаа айдоонун зарылчылыгы жок экенин” айтышкан.

Түркмөнстанда аялдарды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу "өнөктүгү" 2019-жылы башталган. Ошондон бери кыз-келиндер Түркмөнстандын Акыйкатчысына жана сотко кайрылып, укуктарынын сакталышын талап кыла башташкан. Бирок бул аракеттен майнап чыккан эмес.

Расмий Ашхабад аялдарга кысым тууралуу комментарий бербейт.

Беркарар соода борбору. Ашхабад.
Беркарар соода борбору. Ашхабад.

Түркмөнстандын Конституциясында "аялдар менен эркектер бирдей укукка ээ экени" жазылган. Иш жүзүндө өлкөдө бир нече жылдан бери аялдардын укуктары, анын ичинен автоунаа айдоо укугу бузулуп келет.

Ал гана эле эмес Түркмөнстанда аялдардын кийимине жана жүрүм-турумуна байланыштуу бир катар чектөөлөр кирген. Ашхабадда мамлекеттик мекемелердин аял кызматкерлеринен “көңүл бурдуруучу элементтери бар көйнөктөрдү кийбейм” деген тил кат алынып жатканы айтылган. Мурдараак мындай талаптар башка аймактарда да киргизилген.

Айымдар мындан ары косметиканы колдонбошу керек. Аларга мындан ары чачын боёого, маникюр жасоого, жинсы шымдарды кийүүгө жана денеге чапташкан көйнөктөрдү кийүүгө тыюу салынат. Анын ордуна салттуу узун кийимдерди жана баш кийимдерди кийиши керек. Эгер чапталган тырмактары жана өстүрмө кирпиктери болсо, аны жок кылып, боёлгон чачтарын кайрадан кара түскө боёшу керек. Андай кылбагандар иштен бошотулары айтылган.

Аялдардын кийимине жана жүрүм-турумуна карата катаал чектөөлөр Түркмөнстанда былтыр апрелден тартып кире баштаган. Аймактардын биринде полиция кызматкерлери сулуулук салондоруна кирип, мындан ары ботокс жасоого, жүздөгү бырыштарды жазууга, кирпик өстүрүүгө, эриндерди чоңойтууга жана чаптама тырмактарды колдонууга тыюу салынганын эскертишкен. Талапты аткарбаган салондорго ири көлөмдө айып пул салынып, жетекчиси 15 суткага чейин камалары айтылган. Майдын башынан тартып чектөөлөр башка райондорго да тарады.

Ал тургай Түркмөнстандын миграциялык кызматы ботокс сайдырып, кошумча кирпик, жасалма тырмак чаптаган аялдарды аэропортто эл аралык каттамдарга өткөрбөй жатканы кабарланган. Миграция кызматкерлери бул жогору жактан берилген буйрук экенин айтышкан. Бийлик жасалма эрин, кирпиктерди компьютердин жүз таануу программасы аныктай албайт деген жүйөнү келтирүүдө.

Түркмөнстанда мартта бийликке мурдагы президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун уулу Сердар Бердымухамедов келгенден кийин түркмөн жарандарына, айрыкча аялдардын тышкы келбетине көзөмөл күчөдү. Жакында өлкөдө айрым косметикалык операцияларга, маселен, төштүн пластикасына же татуажга тыюу салынган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG