Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

“Куран” үйрөнгөн уйгурлар камалды


Кытайдын түндүк-чыгышындагы Шинжан уйгур автоном облусунда турган бир нече уйгур камакка алынды. Бийлик аларды Куранды окуп үйрөнүшкөнү үчүн камакка алган. Уйгурлардын Германияда жайгашкан дүйнөлүк кеңешинин өкүлү Дилшат Рашиддин айтымында, Куранды окуткан Аминан Момуш 1-август күнү өз үйүндө камакка алынган жана аны менен кошо 7 жаштан 20 жашка чейинки 37 окуучусу да камакта. Ал эми Кытайдын Тойипу аймагынын бийлиги андай окуя болгон жок деп четке кагып жатат.

Дүйнөлүк кабарларды Прагадан Бүбүкан Досалиева даярдады

XS
SM
MD
LG