Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад өкмөттүн жаңы курамын парламентке сунуш кылды. Мурда болжолдонгондой өкмөттөгү маанилүү кызматтарга радикалдуу консерваторлор сунуш кылынды. Ага ылайык, Манучехр Моттаки Тышкы иштер министринин, Голан Хоссейн- коопсуздук чалгындоо кызматынын, Али Сайидлу мунай министрлигинин ордун ээлейт. Президенттин бул сунушуна парламент бир жуманын ичинде макулдук бериш керек.