Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

ЖАЛАЛАБАТ ПАХТА ЗАВОДУНУН ЖУМУШЧУЛАРЫ НААРАЗЫЛЫККА ЧЫГЫШТЫ


15-августта Жалалабат пахта заводунун эмгек жамааты нааразылык иш-чарасын өткөрүштү. Жыйында мурда жылына 70 миң тонна пахта иштеткен заводдун соңку жылдары кубаттуулугу андан 15 эсе азайып кеткен өндүрүштүк мекеменин бүгүнкү абалына, иш билги адистердин жумуштан айдалып, ишкананын таланып-тонолгонуна нааразылык билдирилди.

Жыйында белгиленгендей 70 миң тонна пахтаны кайра иштетүүгө кубаттуу завод былтыр 4 миң тонна пахта кабыл алып, 29 милллион сомдук жабдуулардын үчтөн бири да калган эмес. Кезегинде 900 адам иштеген заводдо жумушчулар эки жарым эсе кыскарган. 56 транспортердун 12си гана калган.

Жыйында директорлукка кайра шайланган Ибрагим Кадыров эмгек жамааты менен Санкт-Петербургдагы «Айренген» фирмасы 40 пайыз акциясына ээ болушканын, калганы мамлекеттин үлүшүндө турган ишкананын таланып тонолушуна туура эмес менчиктештирүүнүн жүрүшү каскак болду деп эсептеди:

- Мурдагы биз алып келген набор, техникалардан төрттөн бири калыптыр. Кээ бир цехтерди тазалап базарга даярдап коюптур. Экинчиден, туура эмес менчиктештирилген документти эч ким бизге көргөзгөн эмес, айткан да эмес.. Кечээ болгон сот ишинде завод туура эмес менчиктештирилген дегенди угуп, өзүм да таңкалдым.

Бегайым Дурусматованын пикирине караганда, заводдо пара менен жумушка орношуу адатка айланган:

- Биз жакшы иштеп атканыбызда бул жерден чыгарып, миң сом пара бер дешти. Миң сомду биз кайдан алып беребиз?

Ася аттуу жумушчу аял ишканадагы коррупция менен трайбализм маселесине токтолду:

- Азыр акциябызды да бербей атат. Акцияны биз көргөн эмеспиз. Тетиктерин чыгарттырып койдук, ошол акциябыздан төлөп берсин.

Иштен айдалгандардын бири Абдыкадырова Турдубү мурда иштеген жетекчилерден кыйла куугунтук көргөн:

- Үч айдын ичинде мени жок кылышты. Иштебейсиз, сизге окшогондун кереги жок деп. Мына пенсияга чыга албай беш жылдан бери бош отурам.

Ишкана жетекчилери менен келише албай, үч жылдан бери бош жүргөн адис Сатимали Бекташев заводду калыбына келтиргенде гана пахтанын жаңы түшүмүн кабыл алуу мүмкүндүгүн айтты:

- Бүгүнкү күндүн шарты боюнча эсептей турган болсок мүмкүнчүлүк жок. Себеби керектүү тетиктерди уурдап-тоноп булар сатып жиберишкен. Завод иштейт деп толук айта албайм, көз жетпейт ага. Заводду кайра ордуна тургузуш үчүн көп чыгымдар керек.

Облустук бийликтин өкүлү Карыбек Өмүркулов эмгек жамаатын бекем турууга чакырды:

- Эмне себептен завод сатылып атат, эл кетип атат. Сот чечим чыгарып берди. Прокуратура билет. Губернаторго айткам, керек болсо иштен айдасын

Жыйында заводдун азыркы жетекчилигинен эч ким болгон жок. Техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Геннадий Пискунов соңку жетекчилик завод кимдин менчигинде турганын эч кимге айтпаганын билдирди:

- Акция жөнүндө эч нерсе билбейбиз. Жыйналышта бир жолу айтышкан, мына ошону айтып атабыз.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG