Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Иракта өлкө Конституциясы боюнча талкуулар дагы улантылышы мүмкүн


Бүгүн Иракта парламенттин атайын жыйыны болуп, анда өлкөнүн Конституциясы талкууланышы керек эле. Бирок ал кийинкиге калтырылды. Анткен менен, документ даярбы-жокпу – азыркыга чейин белгисиз.

Айрым олуттуу маселелер боюнча анда талаш-тартыштар чечиле элек. Мисалы, күрддөр менен шийи мусулмандары өлкө федеративдүү мамлекет болуш керек дешсе, суннилер “Бул аракет өлкөнүн ыдыроосуна алып келет” деп кооптонушат. Андан сырткары, өлкөнүн юридикалык системасында исламдын орду боюнча да пикир келишпестиктер бар. Парламентте ушул тапта күрддөр менен шийилер басымдуулук кылышат. Эгерде алардын планы жактырылганда, Конституциянын долбоору боюнча октябрда жалпы элдик референдум өтүшү керек эле. Конституциялык комиссиянын айрым өкүлдөрүнүн айтымында, Баш мыйзам боюнча иш дагы бир айга созулуп кетиши мүмкүн.

Бүгүн парламенттик сессия башталаар алдында Багдаттын борборунда бир жанкечки өзүн-өзү жардырып жиберди. Андан кеминде 11 адам жаракат алганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG