Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:38

Улуттук банктын Жалалабат бөлүмүндөгү жоголгон акча боюнча тергөө иштери жүрүүдө


ЖАЛАЛАБАТ. 24-мартта Улуттук банктын Жалалабат облустук башкармалыгынан уурдалган 22 млн. 740 миң сом акчага байланыштуу тергөө ишин облустук прокуратуранын тергөө бөлүмү жүргүзүүдө. Бөлүмдүн башчысы Талант Аккозуевден алынган маалыматка караганда, окуяга тиешеси бар жарандар суралууда жана кылмыш ишин тергөө 20-августка чейин аяктоосу ыктымал. Окуя боюнча бир адам кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча айыпталууда жана бир канча кишилер күбө катары жооп беришти.

Март айында облустук бийликтин имараты алдында Аскар Акаевди кызматтан кетирүү талабы менен турган митингчилердин көзөмөл комитетинин төрагасы Камал Сооронкулов банктан алынган 12 кап жана 1 куту акчаны эсептөөгө жана акты менен өткөрүп алууга мүмкүндүк болбогондугун жана ал акча облустук ички иштер башкармасына тапшырылганын, акчаны сактап калгандарды айыптоонун ордуна аларды сыйлоо зарылдыгын белгиледи. Үч беренеге ылайык айыпталып жаткан Нурлан Нышанов акчага тиешеси жоктугун, укуктук сабатсыздыктын айынан ак адамдарга күнөө тагылып жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG