БИШКЕК. “Эгерде жаңы өкмөт биздин талабыбызды укпаса миңден ашуун аманатчылар жана ардагерлер кийинки аптада Акүйдүн жанына нааразылык билдирип пикетке чыгышат”,-деп билдирди “Аманатчылар жана ардагерлер” уюумунун лидери Кочкор Мирзапаязов 16-августта “Азаттыкка”. Анын айтымында, мурдакы Совет Биримдиги тарагандан кийин сактык кассалардагы акчаларынан айрылган жана коммерциялык банктарга алданган аманатчыларга, ардагерлерге мурдакы өкмөт тарабынан алардын акчаларын кайрып берүү боюнча атайын токтом чыккан. Анда жети жыл аралыгында өкмөт тарабынан аманатчылардын акчаларын төлөп берүү каралган. Айрым аманатчыларга өкмөт акча каражатын кайтарып берген. Ал эми жаңы өкмөт келгенден бери алардын акчалары кайтарылбай, көңүл бурулбай калган.