Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Электр тармагы концессияга берилет


БИШКЕК. “Электр тармагын концессияга берүү зарыл деген пикирге келдик. Бул тармакты реформалоо керек. Өлкөдөгү электр тармагын иретке келтирүү үчүн компания бар. Бирок электр кубаттуулугуна баа көтөрүлбөйт”, -деп билдирди президент Курманбек Бакиев дүйшөмбүдө өкмөт үйүндө өткөн бийлик өкүлдөрү менен жолугушууда.

Ал эми бул тууралуу каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаровдун пикири төмөнкүчө:

- Президент Курманбек Бакиевдин электр тармагын концессияга берүү сунушун колдойм. Ал үчүн айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, Жогорку Кеңештин макулдугун алып, тендердик негизде компанияларга сунуштоо керек.

XS
SM
MD
LG