Ооганстандын Херат провинциясында антитерордук коалиция аскерлерининин тик учагы кыйрап калып, андан 17 испан аскери курман болду. Испаниянын коргоо министри Хосе Боно тик учак кол салуудан кыйраган болуусу мүмкүндүгүн божомолдойт. Ооганстандагы кабарчыларыбыздын маалымдашынча, бүгүн дагы бир испан тик учагы чукул конууга мажбур болгон.