Учурда канаттуулардын тумоосунун алдын алуу багытында Кыргызстандагы тиешелүү мекемелер иш чараларды жүргүзүүдө. Куш ылаңы азырынча өлкө аймагында катталган жок, дейт Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Зурдин Нурматов.
- Расмий органдар жана ветеринардык кызмат тарабынан бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында куш тумоосу катталган жок. Алдын алуу иштери боюнча адистердин тили менен айтканда эпидемиологиялык көзөмөлдөө деп койот, ошол системаны биз иштеп чыкканбыз. Эгерде куш ылаңы пайда боло турган болсо ким кандай иш жасаш керек? Ар биринин өзүнүн функцияналдык жоопкерчилиги катталып, жазылып коюлган.
Ал эми Саламаттык сактоо министринин орун басары, Мамлекеттик башкы санитардык врач Людмила Штейнке медициналык мекемелер куш ылаңынын алдын алуу иштерине толук даяр экендигин билдирди:
- Медициналык түйүндөргө сасык тумоо менен ооруган адамдарга байкоо жүргүзүп, тыкат текшерүү тапшырылды. Ошондой эле лабороториялык кызматтын жоопкерчилигин күчөттүк. Эгерде кайсыдыр бир жерде көпчүлүк ооруса, сасык тумоонун белгисиз түрү катталса бизге кабарланат да, ал жерге тез жардам жөнөтүлөт. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бардык тиешелүү министрликтерге, мекеме-ишканаларга оорунун алдын алуу боюнча иш чаранын пландары жөнөтүлдү.
Өлкө аймагындагы чек арадагы санитардык бекеттерде көзөмөл күчөтүлүп, бажы кызматы тарабынан 5-августтан бери Орусия, Казакстандан канаттуулардын, малдын этин алып кирүүгө тыйуу салган атайын буйрук чыккан. Бирок атайын өтүүчү чегара, бажы бекеттеринде көзөмөл күчтүү болгону менен аткезчилик менен алынып келинген товарларды көзөмөлдөөгө чамабыз чак, дейт өкмөт алдындагы мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары Кубан Кулматов.
- Аткезчилик проблемасы бар. Биринчиден чек аранын баары ачык болуп атпайбы. Атайын тосулган көзөмөлдөө бекеттери болгону менен экономикалык иштерге байланыштуу аткезчилик менен өткөрүлгөн товарлар көп болуп атат. Мындай иштерге бөгөт коюуу үчүн бизде материалдык, мобилдик каражат жетишсиз.
Түндүк темир жол бажы кызматынын ветеринардык көзөмөлдөө бөлүмүнүн адиси Улан Асанов да сырттан ташылып келген азык-түлүктөргө толук көзөмөл кылууга мүмүкүнчүлүк жоктугун айтты:
- Бажы бекеттери турган аймактар тосулган эмес. Поэзд менен келген жүргүнчүлөр ветеринардык бекеттен өтпөй эле башка жак менен айланып кетип калышат. Ошондуктан бизде бардык товарларды көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүгүбүз жок.
Ал эми Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө депертаментинин өкүлү Зурдин Нурматов куш тумоосу Кыргызстандын аймагына келүү коркунучу бар экендигин баса белгиледи.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өткөн жылы Женевада өткөн конференцияда куштардын ылаңы адамдарга жугаарын, атайын адистер ал ылаң адамдан адамга жугушу мүмкүн деген теория айтып чыгышканын билдирген. Ошондой эле аталган уюумдун маалыматы боюнча, канаттуулар тумоосунан былтыр Вьетнамда жана Таиландда 38 адам каза тапкан.