Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:28

Грузиядагы сепаратисттик Абхазия Орусия Федерациясына кошулууну каалайт


Москвада кабарчылар алдында сүйлөгөн Абхазиянын президенти Сергей Багапш республика азыр өз мыйзамдарын Орусияныкына шайкеш келтирип жатканын, алдыдагы бир жыл ичинде бардык абхаздыктар Орусиянын жарандыгын алаарын маалымдады. “Абхазиянын Орусия Федерациясына кошулуу аракеттери улана бермекчи. Бул багытта кеңешмелер өтүп жатат”, - деп билдирди Абхазиянын жетекчиси Багапш. Анын айтымында, буга чейин абхазиялыктардын 80%ы Орусиянын паспортун алышты. Тбилиси бул көрүнүштү өлкөнүн эгемендигине бүлгүн салуу катары айыптап келатат.

XS
SM
MD
LG