БИШКЕК. 18-августта Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары шаар мэрин шайлашты. Шайлоонун жыйынтыгында буга чейин вице-мэр болуп иштеп келген Арстанбек Ногоев шаар башчысы болуп шайланды. Аны колдоп, шаардык кеңештин 40 депутатынын 37си добуш берди. Ал эми буга чейин Бишкек шаар мэринин милдетин аткарып келген Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбеков шайлоо башталаар алдында өзүнүн талапкердигин алып койду. Муну Салымбеков өзүнүн депутаттык кызматы менен байланыштырды. Ал эми шаардык кеңешке президенттин сунушун билдирүү үчүн келген президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыков Аскар Салымбековду аткаруу бийлигинде башка кызмат орун күтүп жаткандыгын кыйытты. Аскар Салымбеков шаар башчысынын милдетин март ыңкылабынан бери аткарып келаткан.