Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:20

“БАРСБЕК” ТҮРКИЯДА КӨРСӨТҮЛДҮ


Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын чыгармачыл жамааты Түркиянын Стамбул шаарында өткөн эл аралык театр фестивалына катышып келди. Жыйырмадан ашуун өлкөнүн театрлары катышкан бул фестивалда кыргыз театры драматург Султан Раевдин тарыхый пьесасынын негизинде коюлган “Барсбек” спектаклин сунуштады.

«Барсбек» спектакли байыркы замандагы Кыргыз мамлекетинин түзүлүшүн, кагандын ички жана сырткы душмандар менен айыгышкан күрөшүн, көрө албастык, чыккынчылык, эл жер үчүн башын баталгага койгон баатырдыкты камтыган окуяларга бай. Кыргыз драма театрынын сахнасында мындан эки жыл мурда коюлган спектаклди түркмөн режиссеру Овлякули Хаджикулиев сахналаштырган. Спектаклдин өзгөчөлүгү театр өнөрүндө салттуу болуп калган жасалмалуулук, курулай ураан чакырууга жол бербей жөнөкөй чечилген. Оюн башталганда сахнадагы моло таштар өткөн доордон кабар берет. Кадимки ак кийизден тигилген каармандардын кийими бирде моло таш, бирде жоо кийими болуп кубулуп, окуянын жүрүшүнө жараша өзгөрүп турат. Спектаклдин сүрөтчүсү сценографиялык чечилиште улуттук мүнөздү, каада-салтты, тарыхый буюмдарды, көчмөн элге таандык эмеректерди колдонгондугу сезилет.

7-августта Стамбул калаасында «Экинчи Мекен» деген аталыштагы эл аралык фестивалдын ачылышы болуп, анда Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын «Барсбек» спектакли фестивалды баштап берди. Жыйырмадан ашуун мамлекеттин театрлары катышкан бул фестиваль тууралуу аталган театрдын директору Кыргызбай Осмонов мындай дейт:

- Эл аралык театр фестивалын биздин боордош түрк туугандар абдан мыкты уюшкандыкта өткөрүштү. Бул биз үчүн, КМШ мамлекеттеринде фестиваль уюштуруучулар үчүн сабак, үлгү болчуудай. Ал жерге 23 мамлекеттин театрынын өнөрпоздору келип, өнөрлөрүн көргөзүштү. Дээрлик баардык спектаклдерди көрүп чыктык. Мурдагы Совет Биримдигинен Крым татарлары, Башкыртостан, Чуваш, Грузиянын театрлары барды. Ал эми океандын ары жагынан Канада, Европадан Норвегия, Финляндия, Македония, Арабдардан Сириянын, Ирактын театрлары келишти. Аларды көрүп ар кандай жанрдагы, ар кандай искусство агымдарын, актерлордун аткаруу чеберчилигине күбө болдук. Биздин чыгармачыл жамаатка абдан пайдасы тийген фестиваль болду.

Кыргызбай Осмонов кыргыз театр чеберлери башка өлкөлөрдүн өнөрпоздорунан өзгөчөлөнүп, спектаклди жогорку деңгээлде көргөзө алышканын да белгиледи:

- Биздин алып барган “Барсбек” спектаклинин чечилишиндегидей эч бир театр спектакль коюшпаптыр. Бул жагынан биз өзгөчөлөндүк десем аша чапкандык болбойт. Актерлордун ойноо чеберчилигине башка мамлекеттин театр ишмерлери жогору баа беришти. Кыскасы, кыргыз драма театрынын спектакли жогорку деңгээлде көргөзүлдү. Айрым чет өлкөлүк кесиптештер биздин чыгармачыл жамаат менен байланышып, тыгыз чыгармачылык кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришти. Түрк туугандар менен биздин театрдын жарык берүүчү, үн аппаратураларын жаңыртууга жардам берүү маселесин сүйлөштүк. Биздин чыгармачылык сапарыбыз абдан жемиштүү болду.

Театрдын директору ошондой эле Стамбул фестивалында Кыргыз улуттук драма театрына келерки жылы өтүүчү эл аралык фестивалга жолдомо берилгенин да кошумчалады.

Аталган театрдын таланттуу актёру Шайымбек Кыдырмаев фестивалда башка театрлар менен тажрыйба алмашып, чыгармачылык эргүү алып келгендигин жашырган жок:

- Стамбулдагы театр фестивалына барганыбыздын эң негизги пайдасы - биз башка театрлардын чыгармачылыгы менен таанышып, актерлор, режиссерлор, сүрөтчүлөр менен учурдагы театр өнөрүнүн багыттары, келечеги тууралуу пикир алышканыбыз болду. Ар кандай багыттагы театрлардын спектаклдерин көрүп, биз үйрөнө турган нерселер бар экенине ынандык. Алар биздин актердук аткаруучулук чеберчилигибизге кызыкты. Фестивалга кыска, сөзү аз, кыймыл-аракет менен чечилген спектаклдер керек экен, буюурса биз дагы ошондой багытта иштейбиз деген үмүт пайда болду. Кыскасы башка театрлар менен тажрыйба алмашып чыгармачылык куржунубузду толтуруп келдик.

Актёрдун айтымында, эл аралык театр фестивалында байгелүү орундар, биринчи, экинчи сыйлык дегендей орундар бөлүштүрүлгөн эмес. Жалпысынан театр өнөрүнүн чыгармачылык байланышы, театрлардын бүгүнкүсү, өсүү жолдору, кемчликтери, келечеги сыяктуу маселелерге басым жасалган.

Стамбулдагы фестиваль 16-августта салтанаттуу түрдө шаан-шөкөт менен жабылып, бардык театрларга керамикадан жасалган фестивалдын белгиси тапшырылган. Театрдын жамааты аталган фестивалга катышуусуна Кыргызстандагы түрк ишкерлери жана «Заман» гезити каражат жагынан жардам берген. Ал эми кыргыз өкмөтү же кыргызстандык ишкерлер тарабынан эч кандай моралдык да, материалдык да колдоо болгон эмес.
XS
SM
MD
LG