Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Кызылсуулук кыргыздар Жалалабатта


ЖАЛАЛАБАТ. Кытайдагы Кызылсуу кыргыз автономиялык облусунун делегациясын облустун губернатору Мамбетасан Токтаалы уулу жетектеп келди. Кытайлык кыргыздардын тобун Жалалабат облусунун губернатору Жусуп Жээнбеков кабыл алып, эки тараптуу сүйлөшүү учурунда соода-экономикалык, маданий кызматташуу жаатында пикир алышуу жүрдү. Мындай маалымат 19-августта облустук бийликтин маалымат борборунан алынды. Пресс катчы Гүлжан Асанованын билдирүүсүнө ылайык, Жалалабаттык 50 улан-кызды Кызылсуу облусундагы жогорку окуу жайларда кытай тилине, ал эми 50 кытайлык кыргыз жаштарын Жалалабат университетинде кыргыз жана орус тилдерине окутуу макулдашылды. Кытайлык делегация Жалалабаттагы жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен дагы жолугушуп, облустун борборундагы “Бай эл” аттуу кыргыз-кытай базарынын жана алмадан шире кайнатуучу “Жан дос” аттуу биргелешкен ишкананын иш ыргагы менен таанышты. “Жан дос” ишканасы кытайлык “Тунхэ” фирмасынын каражатына курулган.

XS
SM
MD
LG