БИШКЕК. Жогорку Кеңеш президент сунуштаган Кыргыз өкмөт башчысынын талапкердигин 1-2-сентябрда карайт. Мындай маалыматты премьер министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов министрликтердин жана тармактардын жетекчилери менен жолугушуу учурунда билдирди. Ошондой эле парламент «Өкмөт жөнүндөгү» мыйзамды карайт. Ошондуктан, Кулов жетекчилерге мыйзамга толуктоолорду жана кошумчаларды сунуштоону милдеттендирди. Ушундай эле тапшырма облустук структураларды өзгөртүү жаатында да берилди. Куловдун билдиргенине караганда, бул маселе боюнча аткаруу бийлигинин өкүлдөрү менен президент Курманбек Бакиев 29-августта жолугушаары күтүлүп жатат. Ал эми зарыл болбогон облустук айрым структураларды бир ай ичинде жоюу камылгалары көрүлөт. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучунун билдиргенине караганда, облустук структураларда 6 миң 850 мамлекеттик кызматкер иштейт, аларды кармоого 519 миллион сом сарпталат.