Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

Депутат Айдар Акаев Жогорку Кеңешке 1-сентябрда келиши болжолдонууда


БИШКЕК. Экс-президенттин уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Айдар Акаев 1-сентябрда ишке киришет. Бул тууралуу Акаевдердин адвокаты Максим Максимович «Азаттыктын» кабарчысына маалымдады:

- Шайлоочулар менен ал өз өкүлдөрү аркылуу байланышып атат. Анан округуна жакында мен да барам.

Ошондой эле ал Айдарга каршы кылмыш козгоого эч кандай негиз жок, деген пикирин билдирди. Кыргызстандын Башкы прокурору Азимбек Бекназаров Айдар Акаевди депутаттык мандаттан ажыратуу сунушу менен Жогорку Кеңешке июль айынын этегинде кайрылып, аны экс-президенттин уулуна бир нече багытта иш козголгондугу менен түшүндүргөн. Жогорку Кеңештин төрагасы Текебаевдин билдиргенине караганда, Башкы прокурордун сунушунун негизинде депутат Акаевдин ишин кароону парламент сентябрда атайын комиссияга тапшырат.

XS
SM
MD
LG