Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:14

ТЕХАСТЫН СОТУ АДАМ ӨМҮРҮНҮН КЫЙЫЛГАНЫНА БАЙЛАНЫШТУУ ДАРЫ-ДАРМЕК КОМПАНИЯСЫНА 250 МИЛЛИОН ДОЛЛАРДЫК ЖАЗА САЛДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Американын дары-дармек өндүрүүчү "Мерк" (Merck) аттуу ири компаниясы жабыркаган тарапка 253 миллион доллар кенемте акча төлөйт. Бул өкүмдү Техастын соту "Мерк" компаниясынын Виокс (Vioxx) деген дарысын ичкенден, оорусу күчүркөнүп, акыры өмүрүнөн ажыраган бир адамдын жесиринин доо арызы боюнча чыгарды. Бул сыяктуу доо менен сотко кайрылгандардын пикиринде, Виокс дарысын узак убакыт ичкен адамдар инфарктка же инсультка чалдыгышы ыктымал.

Техастын соту 59 жашка келип каза тапкан Роберт Эрнсттин өлүмүнө "Мерк" (Merck) компаниясынын Виокс (Vioxx) деген дарысын ичүү себеп болгон деген чечимге келди. Эрнсттин жесиринин адвокаты Марк Ланиер соттун бул чечимин өлкөнүн дары-дармек жасоочу компаниялары үчүн кагылган эскертүү конгуроосу катары сыпаттады.

- Соттун чечими "Мерк" компаниясына айтылган катуу эскертүү. Сот бул чечими менен компаниянын жоопкерчилигин сездирет. Сот ага силер акчаңарды өндүрүш үчүн гана жумшай албайсыңар, деп эскертүүдө, - дейт адвокат Ланиер.

"Мерк" компаниясынын Vioxx деген дарысы базардан 2004-жылы сентябрь айында (бул дарыны бир жарым жыл бою ырааттуу колдонуу оорулуунун канында бөлтөкчөлөрдү пайда кыла тургандыгы аныкталган соң гана) колдонуудан алынып ташталган.

Ага чейин бул дарыны 20 миллиондон ашык адам ичкен. Американын азык-түлүктүн жана дары-дармектердин сапатын көзөмөлдөө мекемесинин божомолунда 1999-жылы базарга чыгарылгандан бери дары 27 миң кишинин өмүрүнүн кыйылуусуна себепкер болгон болушу ыктымал.

Бирок "Мерк" компаниясынын адвокаты Жонатан Скидмор Роберт Эрнсттин өлүмүнө Виокс деген дарынын эч тийешеси болбогонун далилдегенге аракеттенди.

- Роберт Ернсттин трагедиялуу өлүмүнө Виокс дарысынын тийешеси бар экенин тастыктаган күбөлөндүрүүчү материалдар жок, андай таныктар таптакыр эле жок, - дейт адвокат Скидмор.

Техастын соту доочуга төлөнүүчү каржылык айыптын жалпы көлөмүн 26 миллион доллардын деңгээлине түшүрүшү да ыктымал, анткени Техаста айып пулдун көлөмүн чектеген мыйзамдар бар.

Бирок, ошого карабастан, бул сот жараяны компанияга олуттуу зыян келтирмекчи. Анткени "Мерк" компаниясына каршы Американын өзүндө эле 4 миңден ашык доо арыз берилген. Ишкананын үстүнөн арыз берүүгө ал тургай Австралия сыяктуу чет өлкөлөрдө да кам уруп жаткандар бар экени кабарланууда.

Доо арыздар боюнча дагы бир сот жараяны сентябрда башталганы турат жана байкоочулар компания жалпысынан 18 миллиард доллар көлөмүндө айып пул тартышы ыктымал, дешет. Бирок эгерде компания сотто утуп чыкса, анда ооз басырыкка жумшала турган акчанын көлөмү мындан азайышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG