Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Ош шаарынын мурунку жетекчилиги тарабынан мыйзамсыз берилген жер боюнча маселе сотто каралат


ОШ. Бул жөнүндө “Азаттык” радиосуна билдирген президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү Алмамбет Матуибраимов шаардын 220 кварталынан турак жай куруу үчүн 2004-жылы берилген жер участокторунун 90 пайызга жакыны мыйзамсыз бөлүштүрүлгөндүгүн айтты. Президенттин өкүлү атайын комиссиянын иликтөөлөрүнүн жана атуулдардын арыздарынын негизинде шаардык сотко доо арызы жолдонгондугун билдирди. Доо арызда аталган аймакта мыйзамсыз курулуп жаткан турак жай курулуштарын анын ээлеринин эсебинен буздуруу, жер участокторун мыйзамсыз жол менен берген мэриянын мурдагы кызматкерлерин жоопко тартуу маселеси каралган.

XS
SM
MD
LG